
..илгери жомоктор адамдардан чынчылыраак эле. алар дүйнөнү сулууларга жана чиркиндерге (“желмогуздарга”) бөлөрүн жашырышчу эмес. сулуулар дайыма дүйнөнү сактап калышчу. чиркиндер болсо токойдо жашап, кызык күн көрүшчү. адамзат кылымдар бою балдарды ушинтип тарбиялап келди: эгер сулуу болсоң-сени сүйүшөт, эгер түрүң суук болсо, жок дегенде пайдалуу болууга аракет кыл…
…анан “Шрек” пайда болду. жана биринчи жолу желмогуз ханзаадага айлангысы келген жок. бул философиялык жаңжал эле. анткени цивилизация өтө назик бир келишимге таянып турат: жийиркеничтүү нерсе өзүнөн уялышы керек эле. сулуу эмес нерсе оңдолушу керек эле. “башкача болгон нерсе” өзүнүн жашап турганы үчүн кечирим сурашы керек эле…
…кээде мага “Шрек” өтө кеч пайда болгондой сезилет. балким өтө эрте. анткени бул жөн гана мультфильм эмес. бул көрүнүш күзгүгө тигилип туруп, биринчи жолу өзүнө чынчыл айткан сөзү: “кечириңиз, мен мындан ары сулуу көрүнүп жашай албайм..”
Шрекке чейин адамзат миңдеген жылдар бою өзүнүн ички саз (болото) идеалынын кооз архитектурасы менен жаап жашырып келди. адамзат сарайларды курду. моралды ойлоп тапты. диндерди жаратты. эстетиканы ыйыкка айлантты. философиялык системаларды түздү. мунун баары бир гана нерсе үчүн болчу: адам өзүнүн эң чоң коркунучун көрүүнү каалабады. ал коркунуч: “эгер мен чыныгы жүзүм менен көрүнсөм, мени сүйбөй коюшат”. вааай аттаа.. сулуулук эч качан жөн гана эстетика болгон эмес. сулуулук бийлик болчу. сулууларды угуу. сулууларга ишенүү. жада калса сулууларга күнөөнү да жеңилирээк беришчү. ал эми чиркиндерден, көрксүздөрдөн дүйнө дайыма далил талап кылат: “сен сүйүүгө татыктуу экениңди көрсөт”. ошентип цивилизация эң коркунучтуу мифти жаратты: “адам сүйүлүш үчүн “туура” болушу керек”. Шрек бул мифти жөн гана бузбайт. ал бул мифтин үстүнөн күлөт. эң коркунучтуусу ушул эле.. ал эми күлкү бардык ыйыктардын эң чоң душманы. анткени сен бир нерсеге күлгөндөн кийин, аны мурдагыдай ыйык көрө албай каласың.. ошентип бир жашыл желмогуз саздан чыгып келип, миң жылдык эстетиканы үн катпай талкалайт. ал революция жасабайт. ураан чакырбайт. пикет көрөтбөйт. философиялык лекция да окубайт. ал жөн гана жашайт. анын бар болгонун өзү трагедия.. мына ушул нерсе “азыркы адамды” коркутат. анткени азыркы адам көптөн бери “адам болбой калган”. ал өзүнүн витринасына айланган. азыр жалгыздык да кооз көрүнүшү керек. адамдар фотогенично ыйлашат. эстетикалык кыйналышат. жаракалар, жараттар фильтр менен жашырылат. ал эми Шрек монтажсыз жашайт. ал бардык жомоктор өлгөндөн кийинки адамдын көрксүз чындыгы. балким ошон үчүн балдар аны инстинктивдүү жакшы көрүшөт, ал эми чоңдор бир аз тынчсызданууну жаралат..
…кээде ойлонуп калам азыркы психологиянын көбү адамга өзүнүн боштугун кооз көтөрүп жүрүүнү үйрөтүп жаткандай сезилет. бирок Шректин сазы гармония талап кылбайт. саз баарын кабыл алат: кирди, жымжырттыкты, жалгыздыкты, түнкү үчтөгү оор ойлорду, адамдын өзүнө жакпаган версиясын. саз соттобойт экен да. желмогуз цивилизациядан чыныгыраак жашайт.
…дагы бир каарман Фаркуад деле жөн гана жаман адам эмес. “Жамандык” деген түшүндүрмө ага өтө жөнөкөй болуп калат. ал дүйнөнү ашыкча тартипке салгысы келген адам. тарыхта мындай адамдар көп кездешет. алар хаостан ушунчалык коркушат, акыры тирүүлүктүн өзүн жек көрүп калышат. аларга бакыт идеалдуу уюшулган дүйнөдөй сезилет. бирок жашоо андай эмес экен да. жашоо көбүнчө Эшекке окшош: ызы-чуулуу, тажатма, бир аз күлкүлүү, бирок коркунучтуу деңгээлде тирүү. негизи Эшек эң трагедиялуу каармандардын бири деп эсептейм. ал тынымсыз сүйлөйт. анткени ал жымжырттыктан коркот. баягы Господин Хайдеггердин айткандай: “Бытие никогда не говорит другим голосом, кроме зова тишины. Тишина кажется пустой. Но кто вслушивается в нее, тому её пустота открывается впускающим простором.”
..кээ бир адамдар өздөрүнүн ички бош бөлмөсүнө кирип кетпеш үчүн сүйлөй беришет. азыркы адамзат дагы ошондой болуп калды окшойт. адатыбызча бардык нерсени комментарийлегенди үйрөндүк. бир гана өз ички боштугубузду уга албай калдык. ошон үчүн азыр ирония кислород сыяктуу. азыркы адам түздөн-түз чынчыл боло албайт. ага сарказм керек, ага какшык керек.
Шректеги сүйүү ушунчалык кызык көрүнөт. (сүйүү деп калганым, дүйнөдө сүйүү менен гана жашаганга болгондой сезилет. ал башканын сүйүүсү эмес, ал менин сүйүүм…)
акыркы учурларда бул сулуулардын сүйүүсү эмес. бул социалдык гримсиз бири-бирин кокус көрүп алган эки жаралуу жандыктын жакындыгы. чыныгы жакындык адам сулуулугун көрсөткөндө башталбайт. адам өзүнүн ички сазын көрсөткөндө башталат (экинчи адам качып кетпеген учурда.) ошон үчүн Фионанын өзгөргөн жери массалык маданияттагы эң философиялык эпизоддордун бири.

жомок желмогуз, чиркин, көрксүз сулууга айланат деп күтөт. бирок бул жерде тескерисинче болот: сулуу желмогузга айланат. анан биринчи жолу эркин дем ала баштайт. бул дээрлик Ницшечелик учур. маданият өзүнүн “идеалдуу” аполлондук маскасынан чарчап, акыры тирүү, өзүнө дионистик болууга уруксат бергендей.
Фиона идеалга туура келбей калганда гана биринчи жолу өзүнө айланат. бул өтө оор, бирок өтө заманбап чындык. анткени көп адамдар өмүр бою сүйүүгө ылайыктуу версиясына айланууга аракет кылышат. бирок дээрлик эч ким мындай суроо бербейт: а эгер сүйүү сен сулуу болууну токтоткондо башталсачы…?
…иллюзияларга кызыктар адамдар үчүн “Шрек” абдан ырайымсыз, жылаңач фильм. ал цивилизация фасадды сүйөрүн көрсөтөт. Анда адамдар ажыдаарды кабыл алганга караганда, “башкача адамды” кабыл алуу кыйыныраак. анткени система өз эстетикасынан тышкары жашаган адамды жек көрөт. ошондуктан Шрек кооз дүйнөдөгү ката көрүнүш.
.эң таң калычтуусу Шрек циник эмес. циник болушу керек эле. анткени постмодерн бардык улуу чындыктарды талкалады: идеалды, каарманды,абсолюттуу, ыйыктыкты. бирок ошол урандылардын арасынан эмнегедир өтө назик бир нерсе чыкты. балким чыныгы назиктик иллюзиялар өлгөндөн кийин гана жаралат. ага чейин болгону идеалдаштыруу болот. ал эми идеалдаштыруу жалгыздыктын эң кооз формасы. сен адамды сүйбөйсүң. сен өзүң ойлоп тапкан образды сүйөсүң. Шрек менен Фиона болсо образдан кийин калган нерсени сүйүшөт. демек бул жомок эмес. бул экзистенциализм. кыскасы Шрек идеал өлгөндөн кийин жашап калууга аракет кылган жандыктардын экзистенциалдык комедиясы сыяктуу. балким ошон үчүн ал өлбөй калды. анткени адамзат жеткилеңдиктен чарчады. азыркы адам кудай болууну каалабайт. ал болгону күзгүдөгү өзүн жек көрбөй жашагысы келет. мына ушул жагынан Шрек доордун эң чынчыл каармандарынын бири. ал дүйнөнү сактабайт. ал жөн гана өзүн “ката” деп эсептөөнү токтотот. кээде бул ажыдаарды жеңүүдөн да оор….
Махабат Айдакеева